Жаңылыктар
Жалал-Абадда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кетти
Кырсык
Жалал-Абадда милиция кызматкери 4 мугалимди сүзүп кетти

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында 10-февраль күнү кечки саат 17:00дөр чамасында жыйындан кайтып келе жаткан төрт мугалимди унаа сүзүп кетип, экөө каза таап, дагы экөө ооруканага жеткирилди.

Облустук милициянын маалымат кызматы билдиргенине караганда адамдарды коюп кеткен унааны Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкери айдап бара жаткан. 

Милиция кызматкери өзүнүн менчик унаасы менен жумуштан кайтып бара жатканда унаа төрт адамды коюп кеткен, -деп айтылат маалыматта. Учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүп жатат.