Жаңылыктар
Энесинин колунан сабалып, комада жаткан наристе көз жумду
Кыргызстан жаңылыктары
Энесинин колунан сабалып, комада жаткан наристе көз жумду

Энеси тарабынан сабалган, - деп ооруканада комада  жаткан наристе каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирет. 

3 жаштагы Бексултан Ош облустук балдар ооруканасына 3-февралда оор абалда түшкөн. 

Дарыгерлер аны кайра жандандыруу бөлүмүнө жаткырып, мээси чайкалган, кан шишик жана башка диагноздорду коюшкан. Ошондой эле, жабырлануучунун денесинде көк ала тактар бар экени дагы тастыкталган. 

Эс учун билбей жаткан бөбөк 11-февралда каза болду. Баланы сабаган  анын 24 жаштагы энесине кылмыш иши козголгон.