Жаңылыктар
“Медиа́ция жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирди
Кыргызстан жаңылыктары
“Медиа́ция  жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирди

2018-жылы 11-февралда Кыргыз Республикасынын “Медиа́ция  жөнүндө” мыйзамы күчүнө кирди. Ал Жогорку Кеңеш тарабынан 2017-жылы 22-июнда кабыл алынган. Бул мыйзам медиацияны жарандык, үй-бүлөлүк жана эмгектик укук алакадан келип чыккан талаш-тартыш маселесин жөнгө салат-деп жазылган мыйзамда.                                                                 Медиа́ция-укук жагында талаш-тартышты эки тарапка тең калыс адис ортомчунун катышуусунда жөнгө салуучу альтернативдик технология. Эгер тарыхты эске салсак, байыркы Грецияда, римдик укук чөйрөсүндө, Юстиниандын кодексинен башталат.  

Ал эми азыркыдай медиа́ция юрдикалык жардам түшүнүгүндө, XX кылымдын экинчи жарымынан белгилүү. Алгач Америка Кошмо Штаттарында, бара-бара  Австралия, Англия аркылуу бүтүндөй Европага тараган. Алгач үй-бүлөлүк  талаш-тартышты чечүүдө колдонула баштаган. Кыргыз Республикасынын укук чөйрөсүндө 2008-жылдан колдонула баштап, атайын мыйзам кабыл алынды. 27-февралда Бишкекте медиация боюнча эл аралык конференция  өтөт.  Бул тууралуу  “Улуттук медиация борбору” коомдук бирикмесинин  башкармасынын  төрайымы Гүлсина Кожоярова кабарчыбызга маек курган.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"