Жаңылыктар
“Тазалык” ишканасынын жумушчусу иш учурунда көз жумду
Кырсык
“Тазалык” ишканасынын жумушчусу иш учурунда көз жумду

Кырсыкты кайдан деп болбойт. “Тазалык” ишканасынын жумушчусу иш учурунда көз жумду. Кайгылуу окуянын себеби - жол кырсыгы. Алган жараатынан 61 жаштагы Айнуру Султаналиева тез жардам унаасында каза болду. Ал эки жылдан бери жол жээгин шыпырып иштеп келген.

12-февралдын таңкы саат 6:30дар чамасы. Бишкектеги Байтик баатыр менен Масалиев көчөсүнүн кесилишиндеги жол жээгиндеги кумду шыпырып жаткан Айнуру Султаналиеваны анын жетекчиси сүрөткө тарткан. Көрүнүп тургандай, көчөгө чырактар жарык берип турат. Жумушчу да атайын жарыкка чагылышкан кийимчен. Бир саат өтпөй кайгылуу кабар тарады. 

Аны 44 жаштагы айдоочусу "Honda Elysion автоунаасын чыгышты көздөй айдап баратып, коюп кеткен. Жумушчуну сүзгөн айдоочу тез жардам чакырган. 

Жол кырсыгынан көз жумган Айнуру Султаналиева 61 жашта болчу. Ал эки жылдан бери өзү көз жумган тилкени шыпырып иштеп келген.

Акыркы 3 жылда "Тазалык" ишканасынын 6 кызматкери унаа сүзүп, каза болушкан. Республикалык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, соңку бир суткада өлкөдө 18 жол кырсыгы катталып, 2 адам каза таап, 37 киши ар кандай деңгээлде жаракат алган.