Жаңылыктар
Жумгалда кыргыз хоккейинин жыйырма жылдыгынын урматына мелдеш болуп өттү
Спорт
Жумгалда кыргыз хоккейинин жыйырма жылдыгынын урматына мелдеш болуп өттү

Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында хоккей боюнча мелдеш болуп өттү. Буга убагында кыргыз хоккейинин түптөлүшүнө салымын кошкондор чакырылып, муз үстүндө беттешти. Ардагерлердин башын кошкон бул таймаш кыргыз хоккейинин 20 жылдыгына арналып уюшулган. 

Таймаш кыргыз хоккейинин 20 жылдыгынын урматына арналып өтүп жатат. Буга республиканын бардык аймактарынан ардагерлер чакырылган. Убагында муз үстүндө зуулдаган жаш балдарды жашы кырктан ашканда кайрадан оюн талаасы бириктирди.

Хоккей чыныгы эр жүрөктөрдүн оюну демекчи таймаш бүйүрдү кызыткан көрүнүштөр менен коштолду. Эт бышым убагыт бою кыл чайнашкан мелдешти көрүүгө келгендердин саны да арбын болду.

Мелдешке ардагерлерден куралган төрт команда катышты. Ынтымактын оюну болгон турнирдин жеңүүчүлөрүнө медаль, громаталар тапшырылды.