Жаңылыктар
С.Исаков Эмирди Көчмөндөр оюндарына мейман катары катышып кетүүгө чакырды
Кыргызстан жаңылыктары
С.Исаков Эмирди Көчмөндөр оюндарына мейман катары катышып кетүүгө чакырды

Жакынкы келечекте Кыргызстан артыкчылыктуу тармактарына Бириккен Араб Эмирлигинен инвестиция тартат. Бул алдын-ала макулдашуулар Премьер-министр Сапар Исаковдун Дубайда өкмөттөрдүн Дүйнөлүк алтынчы саммитинин алкагында жүргүзүлгөн жолугушууларында жетишилди.

Ал арада Араб Эмирлиги менен экономикалык байланыштын алгачкы натыйжасы бар. Кыргызстандан ичүүчү таза сууну экспорттоо боюнча келишим түзүлдү. Ошол эле учурда Кыргызстандын "Таза Коом" программасы Дубайда өткөн өкмөттөрдүн алтынчы Дүйнөлүк саммитинде талкууга алынды.

Өкмөттүн ишмердүүлүгүн канткенде жакшыртууга болот жана мамлекеттик мекемелердин натыйжалуу иш алып баруусун камсыздоо, мамлекеттик кызматтарды жакшыртуу- дегеле келечектеги өкмөт боюнча көз караштар. Бул маселе Дубайда өткөн өкмөттөрдүн Дуйнөлук алтынчы саммитинде көтөрүлдү.

Бул багытта Кыргызстандын өкмөтү ишенимдүү ишке ашырып жаткан "Таза Коом" программасы саммитте козголгон демилгелердин талаптарына төп келет. Кыргызстан Борбор Азия мамлекеттеринин ичинен алгачкылардан болуп "ачык өкмөт" программасын жүзөгө ашырууда. Аны шарттаган "Таза Коом" долбоору Дуйнолук саммиттин талкуусунда. Эл аралык форумдун катышуучулары чакан мамлекеттин санариптик өзгөрүүгө карай дилгир долбоорун баалады. Сапар Исаков Кыргызстан коррупциясыз ачык коомду көздөй багытты тандаганын билдирди.

Ошону менен бирге Сапар Исаков-саммит бул дуйнө өлкөлөрүндүгү санариптик өзгөрүү багытындагы иш аракеттерди, башка тармактарда жасалып жаткан реформаларды талкуулаган мыкты аянтча болгонун белгиледи. Бул жолку дуйнөлүк форумга 150 мамлекеттин өкмөт мучөлөрү, эл аралык уюмдардын, ишкер чөйрөнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү. Өкмөттөрдүн Дүйнөлүк саммити Бириккен Араб Эмирлигинин Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын эмири Мухаммед бин Рашид Аль-Мактумдун демилгеси менен өткөрүлдү.

Кыргызстан алдынкы заманбап технологиянын жардамы менен элдин бакубат жашоосун камсыздоого, убаракерчиликтерди азайтуу боюнча "Таза Коом" программасы, өкмөттүн жалпы артыкчылыктуу багыттарын Сапар Исаков Араб Эмирлигинин Вице-президенти, Премьер-министри, Дубайдын ханзаадасы Мухаммед бин Рашид Аль-Мактум менен көзмө-көз жолугушууда маектешти. Анда эки тараптуу кызматташтыктын келечеги тууралуу сөз болуп, Дубайдын мураскер ханзаадасы "Акылдуу шаар" долбоорун жузөгө ашырууда тажрыйба алмашууга даяр экенин билдирди.

Өкмөт учурда өлкөгө түз инвестицияларды тартуу аракеттеринин устундө жигердүү иш алып барууда. Бул жагынан Кыргызстан Бириккен Араб Эмирлиги менен туруктуу жана узак мөөнөткө алака түзүүгө даяр. Сапар Исаков өлкөнүн инвестиция сала турган келечектүү тармактарын Абу-Дабинин ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заед Аль Нахаян менен аныктады. Эмир инвесторлорду ички рынокко тартуу учун капиталдын коопсуздугун камсыздоо, байланыш жана транспорттук системаны жакшыртуу жагын сунуштады. Исаков Эмирди Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына мейман катары катышып кетүүгө чакырды.

Сапар Исаковдун Араб Эмирлигинин башчылары менен жолугушууларынын журушундө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирлиги ишкер форум өткөрүү жагын караштыруу чечимин кабыл алды. Тараптардын белгилешинче бизнес-форум кызматташа турган тармактарды аныктай турган аянтча болуп берет.

Ошентип Кыргызстан Бириккен Араб эмирлиги менен инвестиция тартуу багытындагы байланыштарды чындаймай болууда. Алдыдагы максаттар бизнес-форумда каралат. Ага чейин жумуш тобу иш-чараны өткөрүүнүн жагын иштеп чыгат. Кыргызстан Абу-Даби өнүктүрүү фонду менен Араб координациялык топтун алкагында кызматташуу боюнча тажрыйбасы бар. Сапар Исаков фонддун алкагындагы байланышты Абу-Даби өнүктүрүү фондунун башчысы Мухаммад Саиф Аль Сувейди менен сүйлөшүүдө талкуулады. Өкмөт башчы алканы кенейтүү жагын демилгеленди.

Былтыр Бириккен Араб Эмирлиги менен Кыргызстандын ортосундагы соода-жүгүртүү 39 миллион 300 мин долларды түзгөн. Жылдан жылга тартылган түз инвестицинын көрсөткүчү да көбөйүп жатат. Кыргызстандын Бириккен Араб Эмирлиги менен экономикалык алакаларынын келечеги бар дейт эксперттер.

Ичүүчү таза суу менен бирге, Арабдар экологиялык таза азыктарды сатып алууга да кызыкдар экенин билдирди. Ушул тапта Дубайга кыргыз балы экспорттолуп жатат. Жакынкы келечекте кургатылган жер жемишти, эт, сут азыктарын сатууга мумкун.

Муну менен катар Премьер-министр Дубайдын мамлекеттик мекемелеринин ири компанияларынын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрүп Кыргызстандын инвестиция тарта турган тармактары, экономикалык кызматташтык маселелерин талкуулады. Сапар Исаков эки күндүк иш сапарын натыйжалуу өткөрүп, болочоктогу инвесторлор менен Кыргызстандын экономикасын чындоо багытында так демилгелерди койду.