1916-жылдагы улуттук боштондук үчүн күрөштүн катышуучуларына арналган эстелик тургузулат.
Бул тууралуу өкмөт башчы Темир Сариев Улуттук университетте өткөн илимий-жыйындын жүрүшүндө билдирди. Монумент "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде курулат.
Темир Сариев белгилегендей, быйылкы тарых жана маданият жылынын алкагында өкмөт тарабынан мындан тышкары бир катар иш-чаралар уюштурулмакчы. Илимий-жыйынга Улуттук университеттин окутуучулар жамааты ошондой эле студенттер, тарыхчылар катышып, баяндамалар окулду.