Көтөрүлүп кеткен дене табын калыбына келтирүүчү каражат "Парацетамолдун" негизинде жасалган дары-дармектер адамдын тукум улоо функциясына жана түйүлдүктүн өсүшүнө терс таасирин тийгизиши ыктымал. Чет элдик окумуштуулар бир нече жыл бою 18 жаштан өткөн 455 адамга изилдөө жүргүзүштү.
Ошондой эле европалык 1 миң 880 эгиз жана 1 миң 235 адамдын ден соолугу боюнча архивде сакталган маалыматтар колдонулду. Изилдөөнүн жыйынтыгында, парацетамолдун негизинде жасалган дарыларды ичкен адамдардын жыныстык гормондору азайып, функциясынын бузулушуна алып келет.
Ошондой эле кош бойлуу аялдар парацетамол ичкен кезде бойдон түшүү коркунучу же түйүлдүктүн нерв системасынын өнүгүшүндө көйгөйлөр пайда болушу толук мүмкүн.