Жаңылыктар
Кыргыз кийим тигүүчү ишканалары Париждеги ири көргөзмөгө катышууда
Экономика
Кыргыз кийим тигүүчү ишканалары Париждеги ири көргөзмөгө катышууда

Кыргызстанда тигилген кийимдер Европа рыногуна чыгат. Кыргыз кийим тигүүчү ишканалары Парижде өтүп жаткан “Apparel Sourcing Paris exposition” ири көргөзмөгө катышууда.

Көргөзмө - дүйнөдөгү текстиль-кийим тигүү өндүрүшүндөгү эң маанилүү окуя. Кыргызстандык текстиль фабрикаларынын өкүлдөрү көргөзмөгө эң мыкты акыркы үлгүлөрүн чыгарышты. 

Ошондой эле жаңы материалдар жана кийим тигүү өндүрүшүндөгү технологиялар менен таанышып жатат. Аны менен катар европалык буйрутмачылардан көбүрөөк келишимдерди түзүүгө жетишүү да иш-чарага катышкан ишкерлердин башкы максаты болууда. 

Мындагылар кыргыз ишкерлеринин чакан партиядагы тапшырыктарды чукул мөөнөттө камсыздоо мүмкүнчүлүгүн жакшы артыкчылык катары белгилешти. Көргөзмө 14-февралга чейин уланат.