Жаңылыктар
Кыргызстанда курулуп жаткан жолдордун сапаты начар болууда
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда курулуп жаткан жолдордун сапаты начар болууда

Кыргызстанда курулуп жаткан жолдор бюджеттеги тартыштыктан сапатсыз курулуп жатат. Бул тууралуу Парламенттин тармактык комитетинде 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын караган учурда айтылып, жол тармагы сынга алынды. 

Анда курулган жолдор битумдун жоктугунан же сапаттуу битумду алууга бюджеттен каражан бөлүнбөй жаткандыктан сапатка жооп бере албай жатканы, убагында жолдор курулбай жатканын айтылды. Буга чейин да Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жаракка кеткени, Боом капчыгайындагы курулбай калган көпүрө да айтылып коомчулукта сынга алынып келген. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Cүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"