Жаңылыктар
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк радио күнү
Кыргызстан жаңылыктары
Бүгүн бүткүл дүйнөлүк радио күнү

13-февраль - Бүткүл дүйнөлүк радио күнү. 

Бул майрам 2012-жылдан бери белгиленип келет. Аны белгилөө чечимин ЮНЕСКО 2011-жылы кабыл алган. Дал ушул күнү Бириккен Улуттар Уюмунун штаб-квартирасында жайгашкан "БУУ радиосу" алгачкы жолу эфирге чыккан. ЮНЕСКОнун курамына кирген мамлекеттерде Бүткүл дүйнөлүк радио күнү белгиленип, ага байланыштуу түрдүү иш-чаралар өткөрүлүп келет. 

Ошондой эле бул майрамга улай, жылына 18-апрелде Бүткүл дүйнөлүк радио сүйүүчүлөр күнү майрамдалат. Эске салсак, эл аралык радио күнү 7-майда дагы белгиленет. Себеби 1895-жылы дал ушул күнү орус физиги Александр Попов эң биринчи радиобайланышты ишке ашырган.

Алгач радиостанциялар маалымат каражаты катары колдонулуп келген. Азыр да канча жыл өткөндүгүнө карабастан радио интернеттен кийинки эле эң ыкчам маалымат булагы болуп саналат. 

Кыргызстанда азыр жыйырмадай радиоканалдар иш жүргүзөт. Алардын басымдуу бөлүгү маанайшат форматта болгону менен, дээрлик баарында саат сайын жаңылыктар обого чыгат. Ири радиоканалдар менен катар аймактык жана жамааттык радиолор да бар.

Майрамыңыздар менен, кесиптештер!