Жаңылыктар
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынат
Экономика
Декларацияны өз убагында тапшырбагандарга административдик айып салынат

13-февралга карата 43773 салык төлөөчү Бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын ичинен 8474 юридикалык жак, 28166 жеке ишкер, 5461 жеке жак, 1619 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 53 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер. 

Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 1-мартына чейин ата мекендик ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүп өлкө аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар бирдиктүү салык декларациясын тапшырууга милдеттүү экенин эскертет. 

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр бирдиктүү салык декларацияны 1-апрелге чейин тапшырышы керек. Декларацияны өз убагында тапшырбагандыгы үчүн жеке жактарга 2000 сом жана юридикалык жактарга 10000 сом өлчөмүндө административдик айып салынат.