Жаңылыктар
Кара-Сууда 12 адам тамак-аштан ууланды
Кыргызстан жаңылыктары
Кара-Сууда 12 адам тамак-аштан ууланды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр  айыл өкмөтүнүн 12 тургуну тамак-ашка ууланып, 3 бала жандандыруу бөлүмүнө түштү.  Бир бала  апасынын жанында райондук аймактык ооруканага жаткырылгандыгын дарыгерлер билдиришүүдө. 

Маалыматтарга караганда, жабырлануучулардын абалы азыркы учурда канааттандырарлык. Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин  адистери жыл өткөн сайын ботулзимден жапа чеккендердин саны азайып бараткандыгын билдиришип, бирок үй шартында  тамак-аш даярдоо эрежелери так сакталышы керектигин эскертишет. Өзгөчө кыш мезгилине жашылча-жемиштерди консервациялоону токтотуу зарылдыгын белгилешти. Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.   

Гүлжан  Каражанова, "Биринчи радио"