Жаңылыктар
Польша мамлекетинен айыл чарбага насыя берилди
Айыл чарба
 Польша мамлекетинен айыл чарбага насыя берилди

 Польша мамлекети Кыргызстанга узак мөөнөттүк насыя берди. Анын жалпы көлөмү 40 миллион еврону түзүп, айыл чарбасына керектүү техникалык жабдуулар түрүндө берилүүдө.

 Насыянын негизинде дыйкандар - күнөскана курууга, тамчылатып сугаруучу жабдыктарды жана кайра иштетүүчү цехтердин жабдыктарын алууга арыз таштай алышат. Бул тууралуу Бишкек шаарында өткөн “Насыяны натыйжалуу пайдалануу” конференциясында белгилүү болду. 

Анда, Польша өкмөтүнүн жана бир катар айыл чарба техникаларын өндүрүүчү компаниялардын өкүлдөрү өз товарлары менен жергиликтүү дыйкандарды тааныштырышты. 9 пайыздык үстөк менен 7 жылдык мөөнөткө лизинг шарты менен бериле турган Польша өндүрүшүндөгү техникалар сом менен бааланат. 

Белгилей кетсек, бул насыяны пайдалангысы келгендерден арыздарды кабыл алуу ушул жылдын август айынын соңунда аяктайт.