Жаңылыктар
С.Жээнбеков: "Жемкорлукту жоюуда сөздөн ишке өтүп, активдүү жумуш баштоо керек"
Коррупция
С.Жээнбеков: "Жемкорлукту жоюуда сөздөн ишке өтүп, активдүү жумуш баштоо керек"

Жемкорлук илдетин жоюуда сөздөн ишке өтүп, коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумуш баштоо керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгы менен өткөргөн жыйынында билдирип, өткөн жыйында берилген тапшырмалардын кандай аткарылып жатканынан кабар алды. 

Ошондой эле өлкө башчысы Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Абдил Сегизбаевди кабыл алып, мекеменин коррупцияга каршы чаралары талкууланды. Коопсуздук кеңешинин өткөн аптадагы жыйынында коррупцияга каршы күрөштүн негизги багыттарын аныктаган чечимдер кабыл алынып, анда өлкө башчысынын конкреттүү тапшырмалары камтылган. 

Бүгүн катчылык менен болгон жыйында президент биринчи кезекте сот, укук коргоо жана көзөмөлдөөчү органдарда коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумушту баштап, паракорчулук менен күрөшүүчү органдардын бардык жетекчилик курамына талдоо жүргүзүү тапшырмасын берди. 

Мындан сырткары катчылыкка, буга чейин негизсиз токтотулуп же жабылган кылмыш иштерин иликтеп, укук коргоо органдарынын ишин өзгөчө көзөмөлгө алуу милдети коюлду. Күч түзүмдөрүнө кирген органдардын кызматкерлеринин декларацияларын текшерүү да негизги маселе болгон. Президент буга дыкаттык менен мамиле жасоону буюрду. Мамлекеттик башкаруу тармагы боюнча адистер, буга чейин бир нече жылдар бою атка минерлердин киреше булактарын жана чыгашаларын текшерүү чоң көйгөй болуп келатканын айтышат. Коррупцияга каршы көрүлүп жаткан иш-чаралар планын өлкө башчысы УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев менен да талкуулады. Коопсуздук кеңешинин жыйынында Антикоррупциялык кызматтын ишмердигине катуу сын айтылган эле. 

Сооронбай Жээнбеков ведомство өзүнө коюлган милдетти канчалык деңгээлде аткарып жатканын жана ар бир кызматкердин ээлеген кызматына ылайык келээрин кайрадан карап чыгуу милдетин койду. Мурдагыдай жөн гана жооп жазуу менен алектенип, көнүмүш адатка салганга болбойт, - деп белгиледи Президент. Ал эми атайын кызматтын төрагасы Президентке коррупцияга каршы күрөш чаралары жана натыйжалуулукту жогорулатуу максатында аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.