Жаңылыктар
Кыргызстанда үлүш жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстанда үлүш жерлерди трансформациялоого мораторий 2009-жылы жарыяланган

Мындан улам, учурда үлүш жерлерди башка багытта пайдаланууга мыйзам жол бербейт. Бирок, буга карабастан, үлүш аянттарын трансформациялоо талабы менен Көк-Жар айылынын айрым тургундары Жогорку Кеңештин алдына бир канча жолу чыгышкан. Мурда бул жерге айыл тургундары эгин айдап, өсүмдүктүн түрүн өстүрүп, тиричилик кылышчу. Эми болсо, үй куруу үчүн жерге муктаж айыл тургундары бул аянтты трансформациялоо маселесин көтөрүүдө. Бул мораторий кире электе эл үлүш жерлерин төмөн баада сата баштап, баш аламан кырдаал түзүлгөн. Мындан улам, мамлекет айыл чарба багытындагы аянттарды сактап калуу максатында үлүш жерлерди башка багытка которууга чектөө киргизип койгон. 

Жакында эле бул мыйзамга өзгөртүү киргизилип, үлүш аянттарына гидроагрегаттарды жана күнөсканаларды курууга уруксат берилген. Бирок, Көк-Жар айылындагы үлүш аянтынын ээлери трансформациялоо тууралуу мыйзамды кабыл алуу талабы менен Жогорку Кеңештин алдына көп жолу митингге чыгышкан. Алар 14-февралда кезектеги митингди өткөрүүгө камынып турушат. Деген менен, айрым тургундар бул жерде жеке тараптардын кызыкчылыктары ойноп жаткандыгын айтышат. 

Үлүш жерлерди арзан баада сатып алып, митинг жолу менен трансформациялап, кайра эле элдин өзүнө бир канча эсе кымбат наркта сатып, оңой оокатка көнгөн бизнес өкүлдөрү бар экендигин белгилешет. Кыргызстан агрардык өлкө болгондуктан, айыл-чарба сектору өлкөнүн экономикасынын негизги бөлүгү. Өндүрүмдүүлүктүн өсүшүнүн жайлап кетиши тамак-аш коопсуздугуна да тоскоолдук жаратат. Ошол себептен, айыл чарба багытындагы жерлерди сактап калуу абдан маанилүү.