Жаңылыктар
Жазаларды аткаруу кызматында эмгектенгендер үчүн курула турган үйдүн пайдубалына капсула салынды
Кыргызстан жаңылыктары
Жазаларды аткаруу кызматында эмгектенгендер үчүн курула турган үйдүн пайдубалына капсула салынды

Бир нече түзөтүү мекемелери жайгашкан айылда акыркы 25 жылдан бери кызматкерлер үчүн бир да турак-жай курулган эмес. 10 жылдан бери түрмө кайтарып иштеген Жеңишбектин үйү жок, колуктусу жана 4 уулу болуп жумушуна жакын айылдардан батир жалдап жашачу. 

Үч ай мурун түзөтүү мекемесиндеги гараждын бир бурчуна көчүп келген. Жүгү оор кызматты аркалаган Жеңишбек өз үй, өлөң төшөгү жок кыйла кыйынчылыктарды башынан кечирген. Бул түрмө кайтарган кызматкерлер үчүн курулуп жаткан үйлөрдүн бешинчиси. Мамлекет акыркы жылдары күч түзүмдөрүнө колдоо көрсөтүп, турак-жай муктаждыгын жоюу багытында иш алып барууда. Соңку үч жыл ичинде 25 үй курулуп, бир жарым миңге жакын кызматкер батирлүү болушту. Жакында дагы 646 батирлүү 10 үйдүн курулушу аягына чыгат. Жаңы үч кабаттуу, 36 батирлүү үй жай айларында колдонууга берилиши күтүлүүдө. Молдовановкада 5 түрмө орун алып, аларда жалпы 600гө чукул адам иштейт. 

Коопсуздук кеңеңешинин биринчи орун басары иштөө үчүн шарт түзүлүп жатканын айтып, түрмө кайтарган кызматкерлерди милдетин так аткаруу керек деп белгиледи. Кызматтык батирди берүүдө кызматкердин жашоо-шарты, муктаждыгы эске алынат. Эгер 20 жылдан ашык убакыттан бери үзгүлтүксүз иштесе, анда ал адам үйдүн ээси болуп калат. Молдовановкада жаңы түшкөн үй акыркы эмес, келечекте дагы бир нече көп кабаттуу турак жайдын салынышы күтүлүүдө. Буга катарлаш инфраструктураны жакшыртуу багытында да иш жүргүзүлөт.