Жаңылыктар
Бишкек шаардык саркынды сууларды тазалоочу жай жаңырууга муктаж
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкек шаардык саркынды сууларды тазалоочу жай жаңырууга муктаж

Ордо калаадан чыккан ыплас сууларды тазалоочу жайдын жабдыктары жаңырууга муктаж болуп турат.  Андан бери бир мүнөткө да тыным албай, күн-түн дебей иштеп жаткан ыплас сууларды тазалоочу жайдын жабдыктары өз мөөнөтүн өтөп бүттү. Бишкек шаары жантайыңкы болуп жайгашкандыктан, калаанын өйдө жагынан баштап, күнүмдүк колдонуудан чыккан ыплас суулардын баары Пригородное айылында жайгашкан суу тазалоочу жайга агып келет.

Жалпысынан 48 гектар аянтты ээлеген тазалоочу жай, бир нече чакан имараттан жана чоң-кичине бассейндерге окшош ири курулуштан турат. Алгач суунун бардыгы кабылдоочу камерага келип түшөт. Бул жерден металлдан жасалган тордон ыплас суулар токтобой куюлуп турат.

Мында көп жылдан бери иштегендердин айтымында, агып келген сууда эмнелер гана болбойт. Тамактын түрүн жасап, кабыгын даратканага салууну туура көргөн кожейкелердин жиберген таштандылары, чач жана желимдердин баары дал ушул жайга келип топтолот. Бул жайда өз кесибинин чыныгы сүйүүчүлөрү гана иштебесе, жаштар көбүнесе иштегилери келбейт.