Жаңылыктар
Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо долбоору каралууда
Кыргызстан жаңылыктары
Автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо долбоору каралууда

Бул туурасында өкмөттүн токтомунун долбоору азыр тиешелүү мамлекеттик органдардын макулдашуусунда. Максаты - унаа саткан жана унаа сатып алган жарандардын жоопкерчилигин күчөтүп, шылуундардын алдамчылыгынан коргоо. Мамлекеттик каттоо кызматы аталган долбоордун алкагында Бишкек шаарында кошумча калкты тейлөө борборлорун ишке киргизди. Тагыраагы ишеним кат менен жүргөндөр. Мындай учурда унааны саткан жана аны сатып алган кишиде да көп көйгөйлөр жаралат. 


Унаа ээлеринин жоопкерчилигин күчөтүү жана жарандарды ар кандай шылуундардын алдамчылыгынан сактоо максатында Мамлекеттик каттоо кызматы автоунааларды жеңилдетилген шартта кайра каттоо боюнча долбоорду ишке ашыруу алдында турат. Токтомго өкмөт башчы кол койсо март айынан май айына чейин унааларды кайра каттоо жүрөт. Жарандар буга чейин унаасын өзүнө каттатууну анын акысы жогору болгонунан улам жасабай келишкен. 


Анткени ишеним каттын акысы 700 сомдон 1500 сомго чейин. Ал эми унааны өзүнө каттоо акысы машинанын чыккан жылына жана кыймылдаткычынын көлөмүнө жараша 5 миң сомго чейин. Жеңилдетилген шартта кайра каттоонун акысын мамлекеттик органдар ишеним каттын акысына түшүрүүдө. Бул иштердин баары жарандардын ыңгайлуулугу жана коопсуздугу үчүн жасалууда. Жеңилдетилген мөөнөт аяктаган соң каттоонун акысы мурдагы калыбына келет. Унааны ээсине гана каттоо “Таза коом” программасынын алкагында Акылдуу шаар долбоорун ишке ашырууда коюлган талаптардын бири.