Жаңылыктар
Түштүк аймакта экспортту жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда
Экономика
Түштүк аймакта экспортту жогорулатуу мүмкүнчүлүктөрү каралууда

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен орусиялык "РосАгроМаркет" ишканасы Ош шаарында да дыйкан, фермерлер менен жолугушуу өткөрдү. Жыйынга өлкө түштүгүндөгү үч облустун өкүлдөрү катышты. Кечээ иш-чара Бишкекте уюштурулуп, кызматташтык келишимине кол коюлган. 


Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына да жооп берет. Кыргызстан калкынын 60 пайыздан ашыгы айыл чарбасы менен алектенет. Азык түлүктөрдү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспорттоо былтыр 26 пайызга жогорулаган. Бул чек болбошу керек. 

Мамлекет орусиялык компания менен түптөлүп жаткан кызматташтык көрсөткүчтү дагы жогорулатаарына ишеним артат. Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигинин негизги талаптарын аткарган. Ири мүйүздүү малды идентификациялоо дээрлик соңуна чыгып калды. Ошондой эле ветеринардык лабораторияларды жаңылоо иштери жүргүзүлүп, фитосанитардык лабораториялар ЕАЭБдин стандарттарына ылайыкташтырылып жатат.