Жаңылыктар
Ордо калаада кызын көтөрүп турган келинди кичи автобус коюп кетти
Кырсык
Ордо калаада кызын көтөрүп турган  келинди кичи автобус коюп кетти

Ордо калаада кызын көтөрүп бара жаткан келинди кичи автобус коюп кетти. Кырсык 9-февралда Элебесов жана Витебск көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Үрөй учурган окуя видео көзөмөлгө түшүп калган. Анда алгач эч нерседен бейкапар, колуна баласын көтөрүп бараткан келинди көрүүгө болот.

Ал дүкөндөрдүн алды менен басып, жөө адамдар өтө турган сары жол чийинге жакын, жол четинде турганда ак түстөгү кичи автобус коюп кеткен. Окуя көз ачып жумганча болуп, айланадагы адамдар жабыла чуркап жардам бергенге ашыккан. Аял ооруканага жеткирилгени менен, алган оор жаракатынан улам көз жумган. Ал эми кызынын оң буту сынып кеткен, ага дароо операция жасалган. Эртеси дарыгерлер кеңешип, бөбөктүн оң буту катуу жабыркагандыктан кесип салууга аргасыз болду. 

Медициналык экспертиза айдоочунун соо экенин көрсөткөн. Учурда автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө. Эске салсак, ушул жылы Кылмыш жаза кодексине бир катар өзгөртүүлөр киргизилген. Анда жол коопсуздугу боюнча жоопкерчилик күчөтүлүп, жол кырсыктардын санын азайтууга багытталган. 

Жаңы мыйзамда жабырлануучунун өлүмүнө алып келген же анын саламаттыгына оор зыян келтирген жол кырсыгы катталган учурда тараптардын элдешүүсүнө жол берилбейт жана жазасы дагы күчөтүлдү. Ага ылайык, күнөөлүү тарап беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.