Жаңылыктар
Бишкекте кызы менен апасын сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте кызы менен апасын сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду

Бишкекте 1 жаш 8 айлык кызды жана апасын сүзүп кеткен айдоочуга кылмыш иши козголду. Ал жаран 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаарынын ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди. 

Эске салсак, 9-февраль күнү Мерседес үлгүсүндөгү маршруттук унаа Элебесов көчөсүнөн түндүк тарапты көздөй бара жатып Витебский көчөсү менен кесилишкен жерден Тойота унаасы менен сүзүшкөн. 

Андан соң башкаруусун жоготкон Мерседес жолдон 34 жаштагы аялды баласы менен сүзүп кеткен. 

Кырсыктын кесепетинен жабырлануучу алган жаракатынан улам ооруканага жетпей каза болуп, 1 жаш 8 айлык кызы жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.