Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,6 пайызды түздү
Саясат
Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,6 пайызды түздү

 Ишин жөндөй албаган айрым аймак жетекчилери кызматтарын тапшырышы керек. Мындай талапты премьер-министр Темир Сариев,  жаңы ишканаларды ачуу боюнча өкмөт жыйынында жергиликтүү бийлик органдарынын алдына койду. Өкмөт башчы быйыл Кыргызстандын ички дүң продукциясы 3,6 пайызды түгөнүн белгилеп, экономиканы ушул денгээлде сактап, социалдык милдеттерди аткаруу үчүн аймактардын ролу өзгөчө экенин эскертти.

Премьер-министр ошондой эле облус губернаторлору жана район акимдеринин ишин баалоонун дагы бир көрсөткүчү аймактардан келген кат жана кайрылуулар болоорун билдирди.

Муну менен катар жыйында өкмөт башчы Темир Сариев Бишкек шаарынын кɵпчүлүк райондорунда салык топтоо планга жеткирилбегенин белгилеп, райондук салык жетекчилеринин жана акимдердин жоопкерчилигин кароону тапшырды.