Жаңылыктар
Жылуулук борборундагы авариянын себептеринин жыйынтыгы чыкты
Кыргызстан жаңылыктары
Жылуулук борборундагы авариянын себептеринин  жыйынтыгы чыкты

Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариянын себептерин аныктоо боюнча мекемелер аралык комиссия иликтөөнүн алдын ала жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Бишкек жылуулук борборундагы "Электр станциялары" ишканасынын кызматтык адамдары тарабынан эрежелерди бузуу аныкталды.

Авариянын алдын ала себептери катары - аны жоюуда ыкчам тобунун кызматкерлеринин макулдашылбаган аракеттери, жабдууда суунун жетишсиздиги, күзгү-кышкы мезгилге даярдыктын жоктугу, 3-блокту иштетүүнүн кечиктирилгендиги болгон. 

Эске салсак, 26-январда кечки саат алтылар чамасында Бишкектеги жылуулук берүүчү борбордун жаңыланбаган бөлүгүндөгү от казандарда көйгөй жаралып, суунун температурасы 84 градустан 62 градуска чейин түшкөн. 

Буга байланыштуу шаардагы үйлөргө берилген жылуулук төмөндөгөн. Орун алган мүчүлүштүктөрдөн улам Бишкектин тургундары 7 күнгө акча төлөбөй турганын "Улуттук энергетикалык холдинг" компаниясы кабарлаган. Ошондой эле Башкы прокуратура ЖЭБдеги авария боюнча "шалаакылык" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, анын жетекчиси Нурлан Өмүркул уулу кызматынан бошотулган.