Жаңылыктар
Электрондук система паспорт бөлүмүндө кезек күткөндөрдүн санын кыскартты
Кыргызстан жаңылыктары
Электрондук система паспорт бөлүмүндө кезек күткөндөрдүн санын кыскартты

Автоматташтырылган тейлөө системасынын ишке кириши менен Жалал-Абад шаардык паспорт бөлүмүндө сааттап кезек күткөн жарандардын саны кыскарды. Буга чейин адистер ар бир жаранды тейлөөгө жарым сааттай убакыт жумшап келген болсо, эми болгону 4-5 мүнөт гана керектелет. Эске салсак, буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы автоматташтырылган каттоо системасын ишке киргизген болчу.


Керектелген документин көтөрүп келген жаран биринчи эле кабыл алуу бөлүмдөгү операторлорго кайрылат. Бул жерден документтерди дароо компьютерге түшүрүп башташат. Буга чейин жарандар менен оперторлордун убактысы дал ушул иш процесске кетчү. Тактап айтканда, даректик баракчалар ручка менен толтурулуп турган. Азыр эми алардын баары электрондошту.

Компьютерге түшкөн документтердин көчүрмөсү атайын базада сакталып калат. Бул жарандар үчүн дагы бир жеңилдик жаратат.  Бул жолу кезек күтпөй иши тез бүтүп жаткан Айжаңыл Семетееванын баамында, автоматтык каттоонун арты менен тейлөө бир топ эле ылдамдаган . Буга чейин биринчи кызына паспорт алуу үчүн документин тапшырууга келип, кезектин көптүгүнөн улам эртеден кечке чейин зарыгып күткөн учурлар болгон.