Жаңылыктар
Бишкек: Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыкты
Кырсык
Бишкек: Жибек Жолу көчөсүндө жайгашкан турак үйдө өрт чыкты

Бишкектин Жибек Жолу менен Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан №433 турак үйдө 14-февралда эртең менен өрт чыкты. Аталган даректе тигүү цехи жайгашкан. Өрттүн себептери такталууда, бирок өрт өчүрүү кызматкерлеринин айтымында тилсиз жоо электр зымдарынын тийишүүсүнөн улам келип чыккан. 

Жибек Жолу 433 дарегинде тигүү цехи жайгашкан. Анда 14-февралда эртең менен өрт чыгып, жалпы аянты 150 чарчы метр имарат күйүп кеткен. Өрт эмне себептен чыкканы азырынча белгисиз. Цехтин жанында батирлеп 15тей адам жашайт. Бактыга жараша жабыркагандар жок.

Дүйшөн Момунов цехтин күйө баштаганын эртең менен 7:30 да байкаганын айтат. Өрт өчүрүүчү каражат, суу жок болгондуктан өрттү убагында өчүрүп калууга мүмкүн болгон эмес.

Тигүү цехин ижарага алып иштетип жаткан ишкерлер өрт коопсуздугун сактабагандыгын моюндарына алышат. Алар орточо эсеп менен 8-9 миң доллар чыгым тартышканын айтышууда.

Өрт өчүрүү кызматынын ыкчам аракети менен тилсиз жоо жанында жайгашкан үйлөргө өткөн жок. Кошуналардын айтымдарында бул биринчи жолу чыккан өрт эмес. Буга чейин электр мамычасы күйүп кеткен.

Цехти курганда ортого бир метр аралык ташталган эмес. Мунун айынан 2014-жылдан бери кошуналар соттошуп келишет. Цех ээлери аларды курулай убада менен тойгузуп келет.

Жабыркаган киши болгон жок. Өрттүн себептери менен жалпы келтирилген зыяндын көлөмүн атайын комиссия иликтейт.