Президенттин парламенттеги жаңы өкүлү болуп Курманбек Дыйканбаев дайындалды.
Анын талапкерлигин Жогорку Кеңешке Президенттин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Мухамметкалый Абулгазиев тааныштырды.
Дыйканбаевге байланыштуу жарлыкка президент 13-февралда кол койгон. Курманбек Дыйканбаев "Республика" фракциясынын депутаты болуп, парламенттин 5-чакырылышында иштеген.
Ал эми буга чейин президенттин парламеттеги өкүлү болуп Молдакун Абдылдаев иштеп келген.