Жаңылыктар
Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышынын себептери такталууда
Дүйнө
Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышынын себептери такталууда

Москвадан алыс эмес жерде кырсыктаган учактын "кара кутуларындагы" маалыматтар чыкты. Ан-148 учагынын кырсыкка кабылышына ылдамдык көрсөткүчүнүн тоңуп калышы себеп болушу мүмкүн экендиги айтылууда.

Москвадагы эл аралык авиация комитетинин өкүлдөрү учактын "кара кутуларындагы" маалыматтарды чечмелеген соң азырынча ушундай тыянакка келишти. "Кара кутулардагы" маалыматтар учак кулаарда эки көрсөткүч эки башка ылдамдыкты көрсөтүп турганын айгинелеген. 

Мындай айырмадан соң экипаж автопилотту өчүрүп, кол менен башкарууга өткөн. Бирок ага карабай асманга көтөрүлгөндөн көп өтпөй учак жерге кулап түшкөн. 

Эске салсак, "Саратов аба жолдору" компаниясына таандык учак 11-февралда Москва-Орск багыты боюнча "Домодедово" аэропортунан учуп чыккандан көп өтпөй кулап түшкөн. Анын калдыктары Подмосковьедеги Степановский айыл аймагында отуз гектардай аянтка чачылып кеткени аныкталган.