Жаңылыктар
Курултайдын катышуучулары: Кыргызстан эркин өлкө
Саясат
Курултайдын катышуучулары: Кыргызстан эркин өлкө

Кыргызстан эркин өлкө, бирок биз 2010-жылы 7-апрелде башталган ишти аягына чыгарышыбыз керек. Бул тууралуу Бишкекте өткөн Апрель элдик революциясы Курултайынын катышуучулары билдиришти. Ордо калаадагы  «Медиа-Форум” имаратынын алдында 2002-жылы Аксы жана 2010-жылы Апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондорду эскерүү иш-чарасында  куран окулуп, имараттын алдында орнотулган  эстеликке гүл чамбар коюлду.

Кыргызстан эгемендик алгандан бери эки революцияны башынан өткөрдү. Мурдагы президент Аскар Акаев мыйзамсыз шайлоону өткөрсө  анын туугандары өлкөнү талап-тоношкон. 2005-жылы марта эл көтөрүлүп, Акаевдин режимин кулаткан. Бирок турмуш оңолуп кетерине ишенген элдин үмүтү көп өтпөй кайра жоголду. Эгерде мурдагы атка минерлер мамлекеттин  акчасын уурдаса, Бакиевдер бийликке келгенде адам өлтүрүүгө барышкан. Президенттин  үй-бүлөөсү берген буюртмасы менен Медет Садыркулов, Генадий  Павлюк жана башкалар өлтүрүлгөн. Ошол кездеги бийлик 2010-жылы 17-мартта  элдин өкүлдөрү тынчтык митингине чыгышып,  өз талаптарын коюшканда укпай койгону 7-апрелдеги окуяга түрткү бергенин  7-апрель элдик революциясынын катышуусучу Абдыкалык Абдыкаюмов айтат.

 Нааразы болгон жарандар 2010-жылы 7-апрелде Бишкекте дал ушул Элдик Курултай жана эскерүү иш-чарасы өткөн «Медиа форумдун»  алдында тынчтык митингине топтолушкан. Бирок бийлик аларга каршы куралчан атайын максаттагы  бөлүктүн аскерлерин колдонгон. Катардагы жарандар андан дагы коркушкан эмес. Алар кук коргоо органдарынын өкүлдөрүнүн аракеттерине карабастан Ак үйгө чейин жетишип, ок атылып баштаганда дагы качышкан жок. Анткени элдин чыдамы түбүнө чейин жетип, жеңиш өтө кымбатка турган. 7-апрель  күнү  Келсинай апа  30-жашка толуп, эртең үйлөнөм деп турган баласынан айрылган.

Коомдук ишмер, 7-апрель элдик революциясынын катышуучусу  Альясбек Алымкулов, революция өз максатына жеткенин, өлкө бардык кыйынчылыктарга туруштук берип,  системалык реформалардын жолун тандап, жаңылануу жолуна түшкөнүн  белгилейт. Ал келечекте өсүп келаткан жаңы муун эркин мамлекет куруунун баасы канчалык кымбат болгонун ар дайым биле жүрүшү керектигин айтат.

Ал арада  Кыргызстан кедей өлкөлөрдүн тизмесинен чыгарылды.Эл аралык уюмдар, алардын арасында Дүйнөлүк банк Кыргызстанды калкы орточо кирешеге ээ болгон өлкөлөрдүн катарына киргизди. Азыр өлкөнүн өзүнүн өнүгүү стратегиясы менен  жаркын келечекке умтулган жана эркиндикти сүйгөн эли бар.Азыркы күндө өзүн Кыргызстандын мекенчил атуулу деп эсептеген ар бир жаран биринчи иретте мен  өлкөмдүн өнүгүп-гүлдөшү  үчүн мен эмне кылдым? –деген суроону бериш керек.Анткени биз өнүккөн-гүлдөгөн мамлекетти кура алсак, каргашалуу окуяларда көз жумган мекендештерибизге эң мыкты эстелик болмок-дешет курултайдын катышуучулары. Эскерүү иш-чарасында  каргашалуу окуяда курман болгондордун арбагына багышталып куран окулду.

 Мээрим  Абдраманова,  Биринчи радио