Жаңылыктар
C. Жээнбеков: "Коррупция камак менен гана жазаланышы керек"
Коррупция
C. Жээнбеков: "Коррупция камак менен гана жазаланышы керек"

Коррупцияга малынгандар камак менен гана жазаланышы керек. Президент Сооронбай Жээнбеков 13-февралда “Кыргызстандын сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча актуалдуу чаралар жөнүндө” Коопсуздук кеңешинин чечимине кол койду. 

Өткөн аптада өлкө башчыныны төрагалыгы астында өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында чечимдин долбоору кабыл алынган эле. Анда аталган мамлекеттик органдардагы коррупцияны жоюу жана аны пайда кылуучу себептерди жок кылуу, иштеги ачык-айкындуулукту жана жоопкерчиликти камсыз кылуу зарылдыгы белгиленген. 

Эми тийешелүү мыйзамдарды жыл аягына чейин  кабыл кабыл алууга Жогорку Кеңеш, өкмөт, Башкы прокуратура, Жогорку сот, ИИМ жана башка тиешелүү органдар милдеттендирген. Талдоочулар бул чаралар коррупциянын ооздукдап, акырындык менен тамырын кыркууга алып келерин белгилешүүдө.