Экспорт демекчи, Талас облусундагы сүт заводдор 2017-жылы сыртка 300 тонна жогорку сапаттагы сыр, 300 тонна май жана 20 тонна кургак сүт экспорттоду.
Евразиялык экономикалык шериктештиктин аймагына өз продукциясын Кыргызстандан 11 сүт завод алып чыкса, анын төртөө аталган аймакка таандык.
Жалпысынан дубанда 7 сүт заводу бар. Учурда бул ишканалар 400гө жакын адамды иш менен камсыз кылат.
Өткөн жылы облус аймагында ар кандай багытта 40ка жакын ишкана ачылган. Алар жүздөгөн жаңы жумушчу орундарын түзгөн. Арийне, сүт заводдорунан башкасы мезгилдүү гана иш алып барат.