Жаңылыктар
Аз камсыз бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жөлөк пул берилет
Кыргызстан жаңылыктары
Аз камсыз бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жөлөк пул берилет

Улуу Ата-Мекендик согуштун жана оруктун ардагерлери мамлекет тарабынан толук камордукка алынган. Муну менен катар мамлекет аз камсыз бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге жөлөк пул берет. 

Былтыр өлкө жарандарына 5 миллиард 700 миллион сом жөлөк пул берилген. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. Мамлекет тарабынан мындай социалдык колдоо майыптарга, ата-энесинен ажыраган балдарга жана баатыр энелерге берилет. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлө да эске алынат.

5-февралга чейин сүйүнчү пул алуу үчүн 327 гана жарандан арыз берилген. Бирок каражатты алууда убакыт кенен. Бала бир жашка чыккыча мүмкүнчүлүк берилет.