Жаңылыктар
Үркүн окуясы тууралуу илимий эмгектер жетишсиз
Билим
Үркүн окуясы тууралуу илимий эмгектер жетишсиз

Улуттук университетте өткөн “Боштондук көтөрүлүшү жана анын тарыхый сабактары” аттуу конференцияда 1916-жылдагы окуялар терең изилдөөлөргө муктаж экени белгиленди. Иш-чарага премьер-министр Темир Сариев баштаган бийлик өкүлдөрү, окумуштуулар катышып, тарых жана маданият жылынын алкагында үркүн маселесине өзгөчө көңүл бурулаары айтылды.

Конференцияга катышкан илимпоздор жүз жыл мурдагы кайгылуу окуя тарых барактарында татыктуу ордун табышы керек экени айтылды. Премьер-министр Темир Сариев улуттук боштондук күрөшүнүн баа жеткис мааниси бар экенин белгилейт.

1916-жылдагы каргашаны кандай атоо керек деген маселеде талаштар токтобой келет. Миңдеген адамдардын өлгөнүн эч ким тана албайт. Бирок, бул окуяларга жоопкерчилик тарта турган тараптарды аныктоодо обьективдүү изилдөөлөр зарыл деген пикирлер бар. Президенттик аппараттын Диний, этникалык саясат жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Мира Карыбаева падышачылык эзүүдөн келип чыккан боштондук көтөрүлүшүн улутка каршы багытталды деп түшүнбөө керек экенин белгилейт.

Былтыр президент Алмазбек Атамбаевдин Үркүндүн 100 жылдыгына байланыштуу жарлыгы чыгып, каргашалуу окуяны акыйкат, так изилдөөгө тапшырмалар берилген. Өлкө башчысынын фондунан жүз жылдыкка арналган ар кандай иш-чараларды колдоо үчүн 10 миллион сом бөлүнгөн эле. Кылым узаса да үркүн тууралуу илимий эмгектер жетиштүү болбой жатканы окумуштууларды ойлондурат. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор Турдубек Шейшеканов мындай кенемтени жоюуга мүмкүнчүлүк түзүлдү деген үмүттө.

Үркүн окуясын  эскерүү быйылкы тарых жана маданият жылынын алкагында аткарыла турган маанилүү иш-чаралардын катарында. “Ата-Бейит” мемориалдык комплексинде атайын эстелик жай ачылат.  Ошондой эле илимий-конференциялар мындан ары да уюштурулуп турат. Учурда каргашалуу учурду чагылдырган көркөм тасма тартылууда.

Калыгул Асамбаев, Биринчи радио