Жаңылыктар
Жээнбеков "Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун абалы менен таанышты
Экономика
Жээнбеков "Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун абалы менен таанышты

Президент Сооронбай Жээнбеков "Чалдыбар автожол" көзөмөл өткөрүү пунктунун жаңылангандан кийинки абалы менен таанышты. Мамлекет башчысы чек арадагы инфраструктуранын жакшыртылышы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарына ылайык жүргүзүлгөнүн белгиледи. Былтыр кыргыз-казак чегиндеги "Токмок автожол", "Кең-Булуң" жана "Ак-Тилек автожол" өткөрүү пункту жаңыланган. Эми алдыда "Ак-Жол" чек-ара бекети да оңдолуп, жүргүнчүлөр менен транспорт каражаттарынын өтүшүнө ыңгайлуу шарттар түзүлөт.

Көзөмөл өткөрүү пункттарын жаңылоо Евразия экономикалык биримдигинин негизги талаптарынын бири. Бул өнөктөш өлкөлөргө гана эмес жергиликтүү ишкерлерге да жагымдуу шарт түзөт. Жаңыланган инфраструктура ташылган жүктөрдүн көпкө кармалышын жоюп, товарды сыртка алып чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк ачат. Анын өлкөгө алып келе турган экономикалык пайдасы жогору.

Төрт көзөмөл өткөрүү пункттарын модернизациялоого 76 миллион сом сарпталды. Анын 44 миллиону дал ушул “Чалдыбар” бекетине жумшалган. Мамлекет башчысы белгилегендей эми “Ак-Жол” өткөрүү жайы оңдолот. Көпчүлүктүн баамында товар экспорттоонун көлөмүнүн жогорулашына дал ушул чек ара бекеттеринин жаңыланышы да өз таасирин тийгизген.