Жаңылыктар
Айдоо жерлерди трансформациялоо талабы менен кезектеги митинг өттү
Кыргызстан жаңылыктары
Айдоо жерлерди трансформациялоо талабы менен кезектеги митинг өттү

Айдоо жерлерди трансформациялоо талабы менен ак үйдүн алдында кезектеги митинг болуп өттү. Бул ирет митингге Көк-Жар айылынын тургундары катышты.

Алар айыл чарба багытындагы аянттарды пайдаланууга 2009-жылы мараторий жарыяланганына карабай, бийликтен мыйзамдаштырып берүүнү талап кылууда. Мындай көрүнүштөр социалдык тармактарда кызуу талкууланып жатат.

Баш калаанын четиндеги Көк-Жар айылынын жашоочулары ушуну менен бир жылда сегизинчи жолу митинг уюштурууда. Баарынын көздөгөнү бирөө - айдоо жерге турак-жай курууга уруксаат алуу.
Бишкектин айланасында айдоо аянттарына түшүп калган турак-жайлар бар. Жаралган жагдайга байланыштуу мыйзам долбоор парламентте каралууда. Дал ушул жерден айрым топтор жеке кызыкчылыгын көздөп, байма-бай митинг уюштуруу аркылуу бийликке кысым көрсөтүүдө. Алардын максаты - бош жаткан сугат жерди мыйзамдаштырып туруп, сатуу.