Жаңылыктар
Америкада 19 жаштагы жигит 17 адамды атып салды
Дүйнө
Америкада 19 жаштагы жигит 17 адамды атып салды

АКШнын Флорида штатындагы орто мектепке 19 жаштагы жигит куралчан кол салып, анын кесепетинен 17 адам көз жумуп, бир нече адам жаракат алды. Бул тууралуу Би-би-си маалымдады.

Каза болгон адамдар тууралуу акыркы маалыматтарды жергиликтүү шерифтин кеңсеси таратты. «17 адам каза болгонун кайгыруу менен кабарлайм», - деп жазды шериф Скотт Израел социалдык түйүндөгү баракчасына. Кол салган жаран алгач өрт тууралуу белги берүүчү баскычты күйгүзүп, мектепте ызы-чуу башталган. Андан кийин ал чуркап бара жаткан адамдарга ок чыгарган.

Шерифтин айтымында, ок чыгарган адамда автоматтык мылтык болгон. Алгач ал көчөдө 3 адамды атып өлтүргөн. Андан кийин мектептин имаратына кирип, 12 адамга ок чыгарган. Мындан тышкары, эки адам ооруканада көз жумду. Каза болгондордун арасында окуучулар да бар. Азырынча ата-энелер жана мугалимдердин көз жумгандыгы тууралуу так маалымат жок. Окуянын кесепетинен жергиликтүү футбол командасынын машыктыруучусу көз жумганы белгилүү болду.

Американын жалпыга маалымдоо каражаттары ок чыгарган адам мектептин мурдагы окуучусу — 19 жаштагы Николас Круз экенин жазып чыгышты. Кийинчерээк шерифтин кеңсеси бул маалыматты тастыктап, 19 жаштагы жигит камакка алынганын билдирди.

Ооруканага жалпы 17 адам жеткирилип, алардын ичинен 2 каза тапты. Ал эми, дагы 3 жаран оор абалда жатат. Ошондой эле, ок чыгарган жигит да алгач ооруканага жеткирилип, медициналык жардам көрсөтүлдү. Андан кийин ал полиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.