Жаңылыктар
Тогуз-Тородо дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды
Кыргызстан жаңылыктары
Тогуз-Тородо дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды

Тогуз-Торо районунда мал издеп, дайынсыз жоголгон эки адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-абад облусунун Тогуз-Торо районунда ушул жылдын 6-февраль күнү Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Бирдик айылынын 3 тургуну — 1983-жылы туулган К. Чоялиев, 1976-жылы туулган С.Чоялиев, 1989-жылы туулган С.Өмүралиев Кабак кыштоосуна мал издегени ат менен чыгып кетишкен. Алардын арасынан К.Чоялиев 12-февраль күнү кечинде Бирдик айылына келип, С.Чоялиев жана С.Өмүралиевдин адашып жоголгондугу тууралуу билдирген.

Издөө иштерине жалпы жергиликтүү тургундардан 32 адам жана ӨКМдин №46 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 4 куткаруучу тартылган. Бүгүн, 15-февралда саат 08:25те жоголгон 2 жарандын жансыз денелери кардын астынан табылды.

Буга чейин Тогуз-Торо районунун Кабак кыштоосунда дайынсыз жоголгон 2 адам изделип жаткандыгын ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдаган болчу.

Аларды издөө иштерин жүргүзүү үчүн 12-февралдан 13-февралга караган түнү туугандарынан 10 адам чыгып кетишкен. Ошондой эле, 14-февраль күнү саат 14:20да издөө иштерине айыл тургундарынан 15 адам жана ӨКМдин №46 өрткө каршы-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары ат менен чыгып кетишкен эле.