Жаңылыктар
Кыздарды ала качуу боюнча Талас облусу биринчи орунда турат
Кыргызстан жаңылыктары
Кыздарды ала качуу боюнча Талас облусу биринчи орунда турат

Кыргызстанда жаш кыздарды ала качуу боюнча Талас облусу биринчи орунда турат. Андан кийин Ысык-Көл облусу. Мындай маалыматты депутат Ирина Карамушкина парламентте айтып чыкты. Депутаттын билдиришинче, Нарын облусунда дагы ала качуу көп. 

Анын айтымында, жашы жете элек кыздарды турмушка берүү маселеси бүгүн да токтобой, бул багытта жетиштүү чаралар көрүлбөй жатат деп эсептейт. Ош облусунун Араван районунда жашы жете элек 5 кыз турмушка чыккан. 

Кара-Суу районунда жашы жете элек кош бойлуу 12 кыз каттоого алынган. Мындан улам өз жанын кыйган фактылар катталып жатканын кошумчалады эл өкүлү.