Жаңылыктар
Түркмөнстан: доллардын курсу 6 манатка чейин төмөндөп, кайра 10 долларга жогорулады
Экономика
Түркмөнстан: доллардын курсу 6 манатка чейин төмөндөп, кайра 10 долларга жогорулады

14-февралда Түркмөнстандын Дашөгүз шаарында көмүскө базардагы доллардын курсу 6 манатка чейин төмөндөп, түштөн кийин кайра 10 долларга чейин жогорулады. Анда бир күн мурда 14 манатка сатылып жаткан доллар 14-февралда 11 манатка чейин төмөндөгөн. Ошол эле маалда түркмөн валютасынын олку-солку болушуна өлкөнүн Казакстан жана Өзбекстан менен чектешкен аймактарындагы сооданын активдешүүсү себеп болгону айтылууда.

Өткөн жекшембиде Түркмөнстандын көмүскө базарында доллардын курсу 15 манатка чейин жогорулаган. Өлкөдө бийлик тарабынан белгиленген расмий курска ылайык, бир доллар 3 жарым манатка барабар.