Жаңылыктар
«Таза жашоо» улуттук кампаниясы Кыргызстан боюнча өтөт
Кыргызстан жаңылыктары
«Таза жашоо» улуттук кампаниясы Кыргызстан боюнча өтөт

Мамлекеттик жана социалдык инфраструктураны, айылдык жана шаардык объектилердин санитардык абалын жакшыртуу, өлкөнүн бардык аймактарын көрктөндүрүүгө жана иретке келтирүү үчүн мобилизациялоого багытталган «Таза жашоо» улуттук кампаниясы Кыргызстан боюнча өтөт. 

Ал 1-марттан 31-майга чейин болот. Бул тууралуу өкмөт билдирет. «Таза Жашоо» кампаниясынын алкагында аймактарды көрктөндүрүү пландаштырылууда, ал өзүнө айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, курулуш жана башка таштандылардын түрүн тазалоо, жөө адамдар басуучу жолдорду куруу, ошондой эле жашылдандыруудан тартып, суу чыгаруу, имараттарды, балдар аянттарын, ошондой эле бир катар объектилерди сырдап-түзөө сыяктуу аймакты көрктөндүрүү боюнча чараларды камтыйт.

 Өкмөттүк демилгенин алкагында атайын экологиялык акциялардын жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө. Ошондой эле кампания маданий оюн-зоок иш-чаралары, тематикалык көргөзмөлөр жана инсталляциялар, музыкалык иш-чаралар, көркөм сынактар менен коштолот. Кампанияга өлкөнүн бардык деңгээлдеги мамлекеттик органдары катышат. Өкмөт коомдук уюмдарды, экологдорду, жарандык активисттерди, өлкөнүн экологиялык, санитардык абалына, ошондой эле анын тышкы көрүнүшүнө көңүлкош карабаган бардык жактарды үч айлыкка жигердүү катышууга чакырат.