Жаңылыктар
Ысык-Көлдө бир кап нашаа алып жүргөн жаран кармалды
Кылмыш
Ысык-Көлдө бир кап нашаа алып жүргөн жаран кармалды

Ысык-Көлдө бир нашаа алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

Маалыматка караганда, мурда эки жолу соттолгон жарандын жанынан бир кап кочкул-жашыл түстөгү кара куурай жыттанган зат табылган. 

Ал нашаа экени аныкталып, салмагы 10 кг 100 граммды түзгөн. 

Факт боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгы Кылмыш жаза кодексинин 247-беренеси менен кылмыш ишин козгоду. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди.