Жаңылыктар
Аксы окуясына 14 жыл
Саясат
Аксы окуясына 14 жыл

Бүгүн Кыргызстандын эли мындан 14 жыл мурда Аксынын Боспиек айылында бийликке нааразы болуп митингге чыккан элге ок атылган Аксы окуясын эскерди. Иш чарада каза болгондордун арбактарына арналып куран окулду. Аксы окуясы Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине, Акаевдик бийликтин үй-бүлөлүк башкаруусуна, кеңири тамыр жайган коррупцияга каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Күч органдары тарабынан аларга карата ок атылып, 6 адам каза болгон.

Өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Боспиек айылында кандуу окуяны катышып, анда каза болгон жарандар өлкөнүн эркиндиги, келечеги үчүн өмүрүн бергенин, ал эркиндикке шек келтирүүгө жол бербөө керектигин баса белгиледи. Кандуу окуяны башынан өткөргөндөр ал күндөрдү эстегенде жүрөгү ооруганын айтышат. Окуяда каза болгондордун жакындары бул күнгө чейин дагы эле окуяга саясий баа берилбей келе жатканына нааразы.

Аксы окуясынын тарыхынан учкай айта турган болсок, 2002-жылы 17-мартта ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы болгон эл район борбору Кербенге жөө жүрүшкө чыгышкан. Боспиек айылына кире бериште тартип коргоо органдары аларды күч менен токтотот. Эл менен күч кызматкерлеринин ортосунда трештен улам ок атылып, беш киши каза болгон. Эртеси күнү 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, жалпысынан кандуу окуяда алты адам окко учкан. Мындан тышкары ондогон адамдар октон жараат алып, уруп-сабалган.

Бүгүнкү эскерүүгө катышкан мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев 2002-жылдын 17-марты, 2005-жылдын 24-марты жана 2010-жылдын 7-апрелинин бири да кызыл күн катары белгиленбегени туура эмес деп белгиледи. Атамбаев бул күндөр кыргыз элинин адилеттүүлүккө, эркиндикке карай басып өткөн татаал, кандуу жолдун эң маанилүү, эң сыймыктуу күндөрү деди. Бир оор жолдун үч ашуусу деди өлкө башчысы:

Өлкө башчысы Кыргызстан кыйын күндөрдү баштан кечирип, эми гана туур, өнүгүү жолун таптканын белгиледи. Эми аны мындан ары улантып кетүү үчүн туруктуулук, ынтымак, биримдик керектигине токтолгон президент элди ынтымакка чакырды.

Эскерүү иш-чарасынан соң президент тургундар менен сүрөткө түшүп, алар менен баарлашты.

Бул күндү эскерүүгө окуяда каза болгондордун жакындары, жаракат алгандар келди. Аксы окуясында Сатымбай Үркүнбаев каза болгон. Анын артында 5 баласы калган. Маркумдун карындашы Нуржайна бүгүнкү күнгө чейин дагы эле Аксы окуясына саясий баа берилбей келе жатканына нааразы.

Окуянын дагы бир катышуучусу Максат Момуналиев Аксы алааматына 14 жыл өткөнү менен, каза болгон, жапа чеккендердин жакындарынын, элдин өксүгө басылбаганын айтты. Ага карабастан Аксы окуясы боюнча азыркы бийликтин кадамдарына ыраазычылык билдирди.

Президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясы ар дайым жүрөгүндө экенин, аны эстеп жүрүү окуядан кийинки муун үчүн парз деп белгиледи.

Эске сала кетели, Кыргызстанда 17-март Аксы окуясын эскерүү күнү катары белгиленген. Мындай Жарлыкка Президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Анда негизинен Аксы окуясы өлкөдөгү демократиялык кайра жаралууну курууда маанилүү бурулуш деп белгиленген.

Б.Ысаков, “Биринчи радио”