Жаңылыктар
ӨКМ: тоолуу аймактардагы жолдорго өзгөчө байкоо салынууда
Өзгөчө кырдаал
ӨКМ:  тоолуу аймактардагы жолдорго өзгөчө байкоо салынууда

Калың жааган кар жол кыйымылына тоскоолдук жаратууда. Айрым каттамдар маал-маалы менен жабыла баштады. Мырзаке - Кара-Кулжа - Алайкуу, Красная Горка - Ак Таш, Казарман - Ак-Тал - Чат жана Ала-Бука - Жаңы Базар - Киров жолдорунда кар көчкү жүрүп, тазалоо иштери аткарылып жатат.

Ал эми Бишкек - Ош жолунда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин адистери карды мажбурлап түшүрүү иштерин жүргүзө баштады.

Кардын калың жаашынан улам жол тейлөө ишканалары тазалоо жумуштарын күчөттү. Аба-ырайынын кескин өзгөрүшү аларга түйшүк жаратууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору кар калың жааган учурда тоолуу аймактардагы жолдорго өзгөчө байкоо салып турат. Тоннелдердеги абалды онлайн аркылуу көрүүгө болот. Мекеменин адистери өлкө жарандарын жолго чыгууда этият болууга чакырат. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метр болушу шарт. Кар көчкү жүрүшү мүмкүн деген тилкелер арбын. Алардын ичинен Бишкек - Ош жолундагы кооптуу жерлерде кар мажбурлап түшүрүлө баштады.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аймактардагы башкармалыктарына жана бардык жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө шашылыш билдирүү жөнөткөн. Анда 18-февралга чейин мезгил-мезгили менен кар жаап, жолдордо көчкү жүрөөрү, кар күрткүсү күтүлөөрү кабарланган.