Жаңылыктар
Чоң-Алай: жер титирөөдөн жабыркагандар кышты кандай кечирүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Чоң-Алай: жер титирөөдөн жабыркагандар кышты кандай кечирүүдө?

Мына ушул кар ээрип, күн жылыыры менен былтыр турак жайын куруп бүтө албай калган чоң-алайлыктар курулуш иштерин улантууга ниеттенүүдө. Бул үчүн банктардан насыя алууну болжоп жаткан элеттиктер, "күрөө" маселесин чечүүдө кепилдик фондго үмүт артууда.

Өткөн жылдын май айындагы жер титирөөдө Чоң-Алай өрөөнүндө 642 үй авариялык абалга кептелген. Мунун ичинен 405 үйдүн ээси кышка чейин жаңы там тургузуп бүтүп, кирип алды. 237 үй-бүлө тамдарынын чатырын жапканга араң үлгүргөн. Турак жайы таптакыр жашоого мүмкүн болбогон 103 үй-бүлө убактылуу батир менен мобилдүү үйгө жайгаштырылды.


Жай ичи үйүнүн дубалын гана тургузганга үлгүргөн Рахматиллаевдердин үй-бүлөсү кыштын суук айларын ушул мобилдүү үйдө өткөрүп жатат. Төрт баланын атасы күн жылыры менен, үйүнүн бүтпөй калган курулушуна киришерин билдирет.


Банктардан өткөн жылы 244 жаран жалпы суммасы 45 млн.сом насыя алган. Мунун 22 млну 7 пайыздык чен менен ипотекалык насыя иретинде 79 атуулга берилген. Курулуш багытына10 пайыздан берилген насыя 23 млн.сомду түзгөн. Жеңилдетилген шартта берилген насыялар, каражаттан каржалып турган тоолуктарга кыйла жардам болгон.