Жаңылыктар
Коррупцияга каршы күрөштөгү көзөмөл органдын укук, милдеттери
Коррупция
Коррупцияга каршы күрөштөгү көзөмөл органдын укук, милдеттери

Башкы прокуратура өлкөнүн көзөмөл, укук коргоо жана башка мамлекеттик органдары тарабынан жүргүзүлүп жаткан негизсиз текшерүүлөрдү жокко чыгаруусу керек. Бул багытта токтоосуз чараларды көрүү тапшырмасын президент Сооронбай Жээнбеков башкы прокуратуранын алдына койду. 

Өлкө башчынын айтымында, тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик мекемелердин жана ишкер чөйрөнүн толук кандуу иштешине тоскоолдуктар жаралууда.

Кыргызстанда акыркы жылдары коррупцияга каршы күрөштүн иштиктүү системасын түзүүгө бекем негиз түптөлдү. Ал паракорчулуктун фактыларын жана себептерин аныктоого эмес, аларды түздөн-түз жоюуга багыттала турган жаңы чечимдерди кабыл алууга мүмкүндүк берет. Жана бул мүмкүнчүлүк азыр туура пайдаланылып жатат дешет адистер.

Жемкорлукту жоюуда күч түзүмдөрү басымды эмнеге жасоо керектигин өлкө башчысы 8-февралда өткөн коопсуздук кеңешинин жыйынында так белгилеп көрсөттү.

Анда коопсуздук кеңишинин “Сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупция менен күрөшүүнүн актуалдуу чаралары жөнүндө” чечими кабыл алынып, ар бир мамлекеттик мекеменин тапшырма милдеттери аныкталды.

Башкы прокуратура иш алып бара турган маселелер Президент Сооронбай Жээнбеков Баш прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алуу учурунда талкууланды. 

Негизги тапшырма - башкы прокуратура тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан негизсиз текшерүүлөрдү жокко чыгаруусу керек. «Тынымсыз текшерүүлөрдөн улам мамлекеттик органдар жана ишкер чөйрөнүн толук кандуу иштешине жолтоо болуп, бул жөнөкөй жарандарды кыйноого жана алардын көйгөйүнө негизделген бизнеске айланып жатат», - деп белгиледи Президент.