Жаңылыктар
Ылдамдыкты сактабай, эне-баланы сүзгөн айдоочу кандай жаза алат?
Кыргызстан жаңылыктары
Ылдамдыкты сактабай, эне-баланы сүзгөн айдоочу кандай жаза алат?

Айрым учурда акчанын кыныгын алып алгандар жол кырсыктарына себепкер болгондорду бошотуп жиберген фактылар дагы жок эмес. Жол кырсыгы демекчи, жыл башынан бери 511 жол кырсыгы катталып, 49 адам мерт кетти. Жаракат алган адам саны 768ге жетип, алардын катарын жаш балдар да толуктайт.


Аз күн мурун баласын колуна көтөрүп бара жаткан аялды унаа сүзгөн кырсык адамдын үрөйүн учурду. Энеси кырсык болгон жерден жан берсе, 2 жашка толо элек наристе бир бутунан ажырап, ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө. Өткөн айдын соңунда мамлекет башчы жол кырсыктарына күнөөлүүлөргө жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзамга кол койгон. 


Жыргалбек жубайын жерге берип келген. Кызынын жанында апасы бар, ал каралашып ооруканада. 7 жыл мурун баш кошкон түгөйлөр 5 жыл балалуу боло албай жүрүп, 2 жыл мурун бир кыздуу болушкан. Тагдырдын оор сыноосуна кабылган ата жан айласын таппай турган кези. Ал айдоочу жазасын алышы керек деп эсептейт. Ал эми эне сүтү оозунан кете элек наристе эмне болгонун түшүнө албай, дале апасын издеп жатат.

Өзгөртүү кирген мыйзам 5-февралдан тарта күчүнө кирди. Мурунку мыйзам боюнча күнөөлүү 1 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылмак, өзгөртүүдөн кийин 5 жылдан 7 жылга чейин жазасын өтөйт.

14-февраль күнү кечинде Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринен жүргүнчү ташыган дагы бир унаа кырсыкка себепкер болду. Айдоочу жол чырак кызыл күйгөндө өтүп кетем дегенде капталынан унаа келип сүзгөн. 60 метрдей сүрүлүп тосмону сүзүп токтогон унаанын ичинен 3 адам жаракат алган.