Жаңылыктар
Бала бакчадан абалы оорлоп, чарчап калган наристе... Адилеттик издеген ата-эне
Кыргызстан жаңылыктары
Бала бакчадан абалы оорлоп, чарчап калган наристе... Адилеттик издеген ата-эне

Кырсыкты кайдан деп болбойт. Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы №14 бала бакчада 2 жашар баланын дем алуусу оорлоп, ал ошол эле күнү 9-февралда облустук ооруканага жеткирилген. Бирок 29 саат дарыгерлердин көзөмөлүндө болгонуна карабастан бала чарчап калган. 

Эки жашар Арсландын ата-энеси бала бакчадан тарбиячылар тарабынан каралбай калгандыктан ушундай өкүнүчтүү жыйынтык болгонун айтышууда.  Ал эми аталган бала бакчанын тарбиячысы окуя - баланын оорусуна байланыштуу болгонун белгилөөдө. Азыркы тапта соттук-медициналык экспертиза дайындалган, тиешелүү корутундусу чыга элек.


2 жашар Айтбосунов Арсландын ата-энеси азыркы тапта адилеттик издеп турган учуру. 10-февраль күнү Бактыбек менен Наргиза жалгыз уулунан белгисиз себептерден улам айрылып калышты. 9-февралда таң эрте ата-эне баласын адаттагыдай бала бакчага жеткиришкен. Ал күнү баланын дени сак, эч кандай оорунун алгачкы белгилери байкалган эмес.