Жаңылыктар
Кыргызстанда балдар онкологиясы боюнча көйгөй абдан курч
Ден соолук
Кыргызстанда балдар онкологиясы боюнча көйгөй абдан курч

Өлкөнүн келечеги болгон балдарды кандайдыр бир илдеттерден коргоо боюнча дагы шарттар иштелип чыгышы керектигин мезгил көрсөтүүдө. Анткени башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда балдар онкологиясы боюнча көйгөй абдан курч болуп турган кез. Анткен менен дартка чалдыккандарды дарылап, айыктырган учурлар бар.

7 жаштагы Жаркынай 4 жыл мурда кандагы лейкоз дарты менен жабыркап калган. Чоң энеси Калбүбү экөө ошол күндөн баштап, көп аракеттин арты менен, бүгүн рак илдетин жеңип чыгышты.


Балдардын рак илдети өтө тез өөрчүп, дарылоодо дарыгерлерден тездикти жана тактыкты талап кылган татаал дарт. Адистер белгилешкендей, медицинанын жетишкендиктеринин натыйжасында акыркы 10 жылдын аралыгында онкологиялык ооруга туш болгон жаш балдардын көбү толук сакайып кетүүдө.

Онкологиялык оорукана деген үрөйдү учурган жайдын чакан бөлүмүндө балдарга 40 орун берилген. Бул жайга түшкөн наристелер дартынан айыккыча сырткы дүйнө менен ата-энеси аркылуу гана байланышат. Кээ бири Айдардай бир жарым, эки жыл жатса, айрымдары 4-5 жылдык мезгилин бул жакта өткөрөт.



2001-жылга чейин рак менен ооруган балдардын бирөө да жашап кете албаса, азыр алардын 70 пайызы толук сакайып чыгууда. Анткени жаш баланын организми дарыларга карата сезимтал болуп, тез калыбына келет. Ооруган чүрпөнү өз учурунда адистерге алып барса, бул илдеттен айыгуу мүмкүнчүлүгү ошончо жогору.