Жаңылыктар
Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштери кандай жүрүүдө?
Кыргызстан жаңылыктары
Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштери кандай жүрүүдө?

Балдарды коркунучтуу илдеттерден сактоо менен катар эле, алардын кандайдыр бир кылмыштылуукка аралашуусун алдын алуу керек. Ички иштер министрлиги республика боюнча мектептерде "Лидер" деп аталган рейд өткөрүүдө. 


Максаты - өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу жана талап-тоноо, араздашуу сыяктуу көмүскөдөгү терс көрүнүштөрдү ачыкка чыгарып, кесепеттери менен күрөшүү. Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту алдын алуу иштери кандай жүрүүдө? 


Бишкектеги №63 мектепте 2 миңге жакын окуучу билим алат. Балдар эки нөөмөттө окушат. Окуучулар мектепте жүргөндө тиги же бул тартип бузуу болсо мугалимдер жооптуу. Бактыга жараша ушул убакытка чейин көйгөй жараткан ызы-чуу болбогондугун айтат мектеп администрациясы. 


Өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алууда түздөн түз өспүрүмдөр менен иш алып баруу инспекторлору иштешет. Адистин айтуусунда, ушул мектепте 12 бала милициянын каттоосунда турат. Мүнөзү оор балдар менен жеке сүйлөшүүлөр болуп, атайын тарбиялык сааттар да өтүлөт.