Жаңылыктар
Радио жана телеберүү толкундарын таратуу кызматына тарифтерди көтөрүү негизсиз
Кыргызстан жаңылыктары
Радио жана телеберүү толкундарын таратуу кызматына тарифтерди көтөрүү негизсиз

Ата мекендик телерадио каналдарынын өкүлдөрү радио теле берүү толкундарын таратуучу ишкананын көрсөткөн кызматы үчүн тарифтерди көтөрүү негизсиз деген ойлорун РПО РМТР ишканасынын баа саясатын талкуулаган жыйында айтып чыгышты. 


Радио жана телеканалдар ишканага социалдык жана коммерциялык пакетте теле каналдардын толкундарын таратуу үчүн белгилүү бир акы төлөйт. 


Ал арада министрлик жана мекемелердин адистеринен турган жумушчу комиссиясы радио жана теле берүү толкундарын таратууга алынуучу тарифтерди жогорулатууну карап жатат. 


Радио жана телеберүү толкундарын таратуучу ишкананын жетекчиси Акылбек Сулайманкулов бааларды эсептеп чыгууда бардык жагдай эске алынарын билдирди. Тагыраагы кызмат үчүн тариф “РПО РМТР” ишканасынын бир жылдык чыгымдарына байланыштуу бекитилет экен. 

Бул техникалык кызмат көрсөтүү, жабдуулардын эскириши, редиолинейдик жабдууга кеткен чыгымдар эсептелет. Бул чыгымдардан бир сааттык берүүнүн баасы чыгарылган. Эски тариф боюнча бир канал орточо алганда бир сааттык обо үчүн 2496 сом төлөйт. Жаңы тариф боюнча социалдык пакетте бул сумма 3753 сомду түзөт. Ал эми коммерциялык пакетте бул төгүм айына 109 миң 440 сом-дейт Акылбек Сулайманкулов.

Телерадио каналдардын жетекчилери айрым өзгөрүүлөргө каршы болбогону менен тарифтер көтөрүлүп жатканына нааразы. Алардын айтымында толкундарын таратууга бааны жогорулатуу негизсиз. КТРКнын башкы директору Илим Карыпбековдун айтымында РПО РМТР ишканасы тааныштырган маалыматта алдыңкы технологияны киргизүү же чыгымдарды кыскартуу боюнча иш ыргагын жакшыртуу же модернизация боюнча так максаттар белгиленген эмес. Айтымында баа саясаты боюнча эсептер чыгарылганы менен ал каналдарга гана кедергисин тийгизип жатат.

Илим Карыпбеков, КТРК башкы директору:

 
“Тарифтерди модернизацияга кошуунун кажети жок. Мындай болгондо каналдардын мойнуна жүк түшүп калууда. Биздин оюбузча толкун таратуунун жаңы технологиясын киргизүү керек. Биз силердин ишканага каражатты төлөп, карыз болуп отуруп калуудабыз. Ансыз деле карыздарыбыз бар. Азыр чыгымдар тууралуу сөз кыла берсек маселе чечилбейт. Ошондуктан бул маселени дагы чогулуп талкуулоо керек.”


Ошентип тараптар бир пикирге келе алышкан жок. Ата мекендик телеканалдардын өкүлдөрү тарифтерди көтөрүүдө бардык жагдай эске алынса деген пикирде. Ал арада монополияга каршы жөнгө салуу агенттигинин өкүлү учурда жумуш тобу жаңы тарифтерди иштеп чыгууда-деди.